атырыл
- Катуу оргуштап чыгуу, оргуп агуу.
- Алга карай катуу умтулуу, жулкунуу, окторулуп жөнөө, жүгүрүү.
- Өкүм сүйлөө, опурулуу, адыраңдап тумшугу менен бир тийүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Сотукени оозго алып, / Сонун келди эби деп, / Татыбекти бетке алып, / Тик качырып баратыр, / Жабыкенин артында, / Йобалы Шибе келатыр, / Аты башка Бактыбай, / Атырылтып жеткени, / Йобалыны тоңкойтуп, / Көмө койуп өттү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Кең кула менен аргытып, / Артынан чаңды баргытып, / Асман көктү каратып, / Атырылтып каргытып, / Аркасында чаң калып, / Көк түбүк найза карманып, / Өңү сары, көзү көк, / Бузулуп жаман сурданып, / Сакалы сары сеңселип, / Кармашарга жоо десе, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ым, — деп, / Кечиресиң айкөлүм, / Жоголдук кылып салдым, — деп, / Этек-жеңи делбеңдеп, / Алмамбет турду элпеңдеп, / Анда Манас турабы, / Атынан ал да кулады, / Атырылткан байагы, / Ачуусу анын тарады, / Уйалгансып эр Чубак, / Чукулап жерди карады.....
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Абакем көрсөм маа жакшы, / Тайбуурул көрсөң саа жакшы” / Антташып да, шартташып, / Атырылтып Сур атты, / Чаңчыкпас менен жаш Токой, / Кой эти бышым жанашты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аттын жайын көргөндө, / Атырылтып аргытып, / Гүлчоро жолго салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →