аттуу2

китептерде 111 жолу, 10 китепте аттуу 1 →
  1. Бирдеме деп аталгандыкты, белгилүү бир атта болгондукту билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Батай, Катай – экөө тең, / Чигитейге куугандай, / Аркасынан жөнөдү, / Менден мурун бул алса, / Жаман аттуу болом, деп, / Кыйар кытай жөнөдү, / Дөрбөн, Отор туралбай, / Дүрбөп калбай жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аттуулары алдырап, / Чаап кирип кеталбай, / Балалуу турат жалдырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көкчөдө эки катын бар, / Агеркеч аттуу чоңу бар, / Алмамбет менен ойнош, деп, / Ушак тапты казактар, / Буудайбек – кичи катыны, / Бузуктар аны табышты, / Абдан аны көкүтүп, / Арасына алышты: / Жыйын… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кабар берген калкына / Аттуу баштуу жалпыга, / Миңден ашык эл келди, / Кары-жашы тең келди, / Чакыртып келди Керменбай, / Кептин жайын билгендин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Буга мергенчилерин алдыга салып, эркек аттуунун баары кеткен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →