аттуу-баштуу
- Эс-акылдуу, өйдө-төмөндү жакшы түшүнгөн, билерман, эл башкарган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Топурагын тоздурам, / Кулак угуп көргөнгө, / Көңүлүн элдин куш кылам, / Коргонун кыргыз бош кылам, / Айдатып барып кыргызды, / Үй башына кул кылам, / Аттуу-баштуу эл башын, / Кең дүйнөсүн тар кылам, / Чуулдатып ыйлатып, / Катындарын тул кылам, / Эрке алдырбай кыздарын, / Эбегейсиз күң кылам, / Уулуңа катын алдырбай, / Кы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айкөл Манас келет, деп, / Кабар угуп алп Төштүк, / Чатырап жаткан айылды, / Чапкылатып кылдыртып, / Аттуу-баштуу – эстүүсүн, / Аксакалы, келчүүсүн, / Иштин ыгын билчүүсүн, / Барып койбой кычыртып, / Жаштарга улак тарттырып, / Балдарга кунан чаптырып, / Сары улагын таптыры…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →