аттиң

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Өкүнгөндө, катуу кайгырганда айтылчу сөз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Толбоду, аттиң кабым деп, / Кайра тартып Алмамбет, / Карткүрөңдү караса, / Турган экен элейип, / Кош кулагы серейип; / Алакеңди бир карап, / Айгырдан бетер аркырап, / Куйругун салып сыртына, / Жылкыга кирди аралап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арман кылды Жалгыз көз, / Жаза чапкан экемин, / «Аттиң» деп бушманда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Аттиң кедейлик! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Аттиң ай, азыраак коркогу болбосо, атасынын эле өзүн тарткан экен!.. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →