аттан

китептерде 933 жолу, 10 китепте
  1. Атка минүү.
  2. Бир жакка карай жөнөө, жолго чыгуу, жолго камынуу.
  3. Кандайдыр бир ишке бет алып чыгуу, көздөгөн максатка жетүүгө, аткарууга киришүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эби келген кези экен, / Эки ингендей жерди албай, / Эртеңден калбай аттанып, / Кокту кат барам бир тынбай, / Карыңды бактын каркыттап, / Энеңди баккын сүт актап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Медеркандын айылы, деп, / Ойунда жок жигиттей, / Тоскон Көкөй болучу, / Түк кишиге билгизбей, / Аралап эми келгенде, / Аттан жулуп алышты, / Таманын жерге тийгизбей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бири мыкты жан экен, / Кеп айтканы шар экен, / Айткан кеби ал экен: / — Буйрук алып, кат алып, / Буудандан тандап ат алып, / Аттанып чыктык талаага, / Учурап калдык баратып, / Кененим аттуу балаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Кош, эмесе,” – деп айтып, / Кол тартышып Жакып бай, / Аттанып жолго салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейтек угуп кабарды, / Ордого түшүп жай алды, / Аттанбай кайра түштү, деп, / Көргөн элдер таң калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →