атпай

китептерде 26 жолу, 6 китепте
  1. Бүткүл, бардык, жалпы эл, кол.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атпай журт, сага айтаарым, / Кулак салып тыңшасаң, / Эртең күнгө шаршемби, / Аттанып үйдөн чыкпасам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Силерге белги айтаарым, / Алмабаш менен атамын, / Аталамбы, жазамбы, / Мылтык үнүн байкагын, / Аламан атпай баарыңар, / Тизмеги менен атыңар, / Кимиң атып кулжа алсаң, / Башын өөдө каратып, / Мууздабастан таштаңар, / Деп ушинтип Алмамбет, / Эреним Чубак жүрү деп, / Т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Келипсиң мында, Куткарбас, / Ээрчип сени эл баспайт, / Качып жүрүп жай таппай, / Кайран башка таң атпайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Атпай алаш көп журттун, / Манжунун ханы бул иттен, / Амалы кетип каларбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Большевик — көрүнгөнүн атпайт! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →