аткыла1
- Тынымсыз ата бер; бир нече жолу удаа-удаа атуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балталаша бергенде, / Найзалаша келгенде, / Жаага аштап жебе атып, / Колтуктарын чойушуп, / Тарткылаша келгенде, / Күркүрөгөн үн чыгып, / Аткылаша келгенде, / Ошол күнү кечкече, / Тобуке, Батай тең эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Чокморлуу чапкын чокуга, / Мергендин баары чогулуп, / Чыгып тургун чет жакка, / Арамзада Кененим, / Жылыштап чыкса чет жакка, / Жыдыманды житирип, / Чечекейге аткыла!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Керней-сурнай тарткыла, / Чыңбоорду аткыла, / Дүңгүрөтүп шаарды, / Доолбасты каккыла.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…н көөнүңөр, / Манастап ураан чакырып, / Көйнөктү желпип көрүңөр, / Сыйкыр колдуу эч нерсе, / Силерге жакын келе албайт, / Чын пилдерин жумшаса, / Алмабаш менен аткыла, / Майданга чыкса жекелеп, / Баатыр Тапак белиң бар, / Чойтолоң менен Тазкара, / Эминеден кемиң бар, / Билгениң болсо айткыла, / Силердин кандай кебиң бар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Бирөөлөр эми качырып келип, бизди кылыч менен салып калчудай, баарын чакырып алып, таш менен аткылап, кыйкырып, жабылып сабачудай болуп көрүнөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →