аткый
- Өңү серт, семиз көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…таш, / Жана санга бир сайып, / Тоодой болгон Сазандан, / Эки сандан кан агып, / Ачуусу келди Сазандын, / Сайдырганга арданып, / Колун сунуп арбайтып, / Далыдан аткый кармады, / Өзү тургай Чакмакташ, / Аты менен биригип, / Уучуна толбой калганы, / Чоркок Сазан маминтип, / Аты менен ээсине, / Жалгыз эмес экени, / Жаза кармап …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Акым дөөнүн чоң балта, / Аткый кармап сабынан, / Ачуусу келип абыдан, / Качырып барып чапканы, / Калыбектин башында, / Тогуз кабат калканы, / Дайыны калбай жок болуп, / Чыгып кетти талканы, / О дедирбей Кененим, / Удаа жана чапканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Дагы эки күн алышты, / Аттарын аса байлашып, / Кемерден аткый кармашып, / Аркасына сүрүшүп, / Этектен бурдай түрүшүп, / Чымдуу жерди коо кылып, / Дөкдүр жерди ой кылып, / Көйкөлгөн шибер тулаңды, / Кашкайган чыйыр жол кылып, / Булкуп-силкип ыргытып, / Ыргыттырбай тырмышып, / Эки күн өттү бул жумуш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Арча тору буудандай, / Секирип түшүп Семетей, / Эрлиги артык түгөнгүр, / Кара ташты көнөктөй, / Көзүнө илбей кенедей, / Аткый карман батмандап, / Кара ташты көтөрдү, / Көтөрүлбөй кара таш, / Күч келгенде жөтөлдү!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Калдуубетти көргөндө, / Томолонгон Сомбилек, / Чолосу тийбей өлгөнгө, / Кетелекти тайанып, / Ордунан тура калганы, / Кудай жүзүн нары кыл, / Буурул сакал боз атчан, / Бир киши келип калганы, / Далыдан аткый кармады, / Бир колуна атты алды, / Бурулуп жолго салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →