аткар2
- Иш жүзүнө ашыруу, орундатуу, иштөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коросондун эрине, / Таш көтөртүп түшүрдү, / Көкжал эрдин күмбөзүн, / Кыйан келчүү жерине, / Тумшукту кесип жол салды, / Кыйанды тосуп суу салды, / Ушу бүгүн дагы бар, / Кескен таш деген ат калды, / Айтканын танбай Чигитей, / Сегизин дагы аткарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Коросон барып Дабытай, / Козголбой жатып ала албай, / Талап алган кыргызды, / Малы-пулун айабай, / Эки бөлөк кат жазып, / Саламат менен Ачакан- / Ал экөөнө деп, жазып, / Бат жеткизип келгин, деп, / Жөнөткөн эле бир күнү, / Эки киши аткарып, / Учурап калды Кененим, / Кетемин деп келатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыймыл этпей былк этпей, / Арстан баатыр Манаска, / Кайран Чубак ошондо, / Астыртан айтты шыбырын: / — Аткарбай кармай көргүн, — деп, / Алмамбеттин чылбырын,- / Арстан Манас кабылан, / Эр Алмамбет баатырды, / Кармай алды чылбырдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ичимден тандап туруп жаман сөздөрдөн каргыш айттым да, милдетимди аткарууга камын-дым...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Баякыларды аткардыңбы?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →