асыра
- Адамды, малды ж.б. багуу, күтүү, өстүрүү, тамактандыруу.
- Башка бирөөнүн баласын бала кылып багып алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Онтоо кирди чыдатпай, / Ошондо айткан сөзү бу: / — Ата ордуна асырап, / Ата болдуң, Мадыбек, / Эне ордуна асырап, / Эне болдуң, Зулпукан, / Калса калар Мадыбек, / Сен өлөсүң мени деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Экөөн найза тешпеди, / Акимсиген Чойун алп, / Алдында минген буудандан, / Аңтарылып кеткени, / Жер кучактап жыгылды, / Эр кишидей асыра, / Алдыңда минген атыңды, / Дууланып калган Кеңкула, / Аттай чуркап кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…рүп Алмамбет, / Мына бу болду айтканы: / — Кыргыл баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, / Калган отуз ойулгур, / Уккун кебим, оңбогур, / Азык-түлүк чатырды, / Асырап кал аныңды, / Ок-дары менен тон арткан, / Оорактагы баарыңды, / Ажырашса азыктан, / Кетирип койот шайымды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аңчылап жүрүп Акун хан, / Ушул кызды тапканы, / Атын койуп Айчүрөк, / Асырап аны бакканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Асырап бала ордуна, / Баккан экен инисин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →