аста1
- Акырын, жай, сабыр менен.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шоорук хандын алдында, / Чай кайнатып, от жаккан, / Жакшы-жаман кепти уккан, / Түбү Талас элинен, / Жүрүчү экен Мадана, / Кобурап сүйлөп жатканын, / Кулагын салып куп тыңшап, / Шашпай аста былкылдап, / Калтырбай угуп болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айалдап аста жүргөн деп, / Аркасында калганды, / Аттанып чыккан коросон, / Колу келип капташты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…эр Бакай, / Улам-улам эске алып, / Көөнө токой Самаркан, / Ойдуң жакты бетке алып, / Кырмойнок деген жер экен, / Кырка артуу бел экен, / Алты белес бел ашып, / Аста жүрбөй катуулап, / Ат айабай бек басып, / Белеске чыга калганда, / Алды-аркасын карашып, / Калмак көрүп калат, деп, / Ар тарабын байкашып, / Жол арытып караса,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алмадай алып ыргытса, / Айылга келбей кетүүчү, / Ала салбай таш койсо, / Аста келип жатуучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Аста-секин куйругун сууга салды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →