аскер

китептерде 876 жолу, 10 китепте
  1. Мамлекеттин куралдуу адамдардан турган согуштук күчтөрү.
  2. Жоокер, армия кызматындагы адам, солдат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Аскер ээси сегиз хан, / Аскери жок өзү бар, / Каракөз менен тогуз хан, / Чогулушуп калышты, / Кеңеш кебин салышты, / Чындап кылды убада, / Кетирбеске намысты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Келаткан аскер токтолду, / Кең өзөн ичи топ болду, / Тууну көрүп Медеркан, / Жүрөгү мунун козголду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Темири учуп асманга, / Күн чагылып жалтылдап, / Кимибизге түшөт, деп, / Башына калкан жамынып, / Аскердин баары калтылдап, / Аңгычакты болбоду, / Талананын башына, / Чапкан балта чакылдап, / Айта- буйта кылгынча, / Ана- мына дегинче, / Ачып көздү жумганча, / Андас тууган Кененим, / Алтымыш койуп өттү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аттанып аскер алыптыр, / Аттанбай Кокон калыптыр, / Аттанбаган себебин, / Алакең сурай салыптыр, / Басырык болуп миң чалыш, / Түндө өлүп калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аскерге барып түштү эле, / Арасын ача бергинче, / Элүү-кыркы алдында, / Жерге кирди жалп этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →