аска
- Тоонун таштуу бийик зоокасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтай каңгай тоолорун, / Жердеп жүргөн кыргызды, / Моңгул айдап чапканда, / Ойноп жүргөн балдардын, / Шилисинен тизмектеп, / Тал башына асканда, / Алтай менен каңгайда, / Кыргызда айдап көчүрүп, / Ала-Тоого өткөрүп, / Жерин тартып алганда, / Кара сакал Жанай деп, / Бир бөлүмдүн ханы экен, / Ары качып ч…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алдындагы Карасуу, / Аскадан түшпөй шар аккан, / Тоону койуп түбүнө, / Тактайдан кынап жасаткан, / Оозунан ылдый агызган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эртең абдан билем, деп, / Эрикпеген Кара дөө, / Кара бойу бир дөбө, / Баатырлыгы бөлөкчө, / Балбандыгы бир канча, / Атын байлап суутуп, / Ал да жатты аскада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Анда Семең кеп айтат: / «Аскан мобу казанга, / Байкаганым айтамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ал аккан суу асканын түбүндө уктап жаткан абышканын бетине куюлганда, чал чочуп ойгонуп: "Күн азыр ачык эмес беле" деп күндү караса, көзүнө эмнедир бир неме түшүп кеткен сыяктанды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →