асаба
- Сөздүн түпкү теги асма, асылма дегенди туюнтат. Туу, желек асылып коюлуучу жыгач, же туу, желекти асуучу (асма) жыгач. Желектин, туунун жыгачы менен чүпүрөгү бөлүнбөй бир түшүнүк катары кабыл алынуунун натыйжасында жалпы жонунан желекти (туу эмес) туюнтуп калат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…курап, / Кумдай болуп нечен таш, / Талкаланып пыркырап, / Сынган таштар асманда / Учуп жүрөт зыркырап, / Тажиктен келди Көкбөрү, / Жер сойултуп былкылдап, / Ар асаба, ар желек, / Жерге батпай кылкылдап, / Кара курттай кыжырап, / Кумурскадай быжырап, / Жерге батпай жыбырап, / Алты хан келип баш кошту, / Ар башка сүйлөп кужул…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч белде шыңгырап, / Кыргыздан чыккан жаш арстан, / Келди айылга чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
тарталбай, / Жанга өлчөлүү тулпарлар, / Кулактарын кайчылап, / Капталга атты салышып, / Кандыргалап жарышып, / Эңиш менен жарышып, / Эликтей колун сайылтып, / Асабасын жайылтып, / Өргө салып тартышып, / Минип жүргөн аттарын, / Кулжадай төшүн салынтып, / Аттар чарчап жүрбөдү, / Жөө күрөшкө кирди эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кернейдин үнү баркылдап, / Сурнайдын үнү чаңкылдап, / Ак асаба көк желек, / Кызыл белги кара туу, / Санаты жүзчө жалпылдап; / Андан бери караса, / Эки караан келатат, / Учкан куштай закымдап, / Жетер-жетпес алды-арты, / Бирин-бири такымдап, / Келайтышты бөлөкчө, / Ыраактабай жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Асаба таштап, туу тигип, / Эр сайышар чагы эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →