аса

китептерде 41 жолу, 9 китепте
  1. Думаналар алып жүрүүчү таяк.
  2. Боору жик-жик болуп өскөн катуу жыгач жана ошол жыгачтан жасалган катуу таяк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Семетей кармап бербесең, / Баарыңды дарга асамын, / Койбоймун тирүү бириңди, / Ушундай болот жазайың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Деп өкүнүп бир далай, / Жол аруусун билгени, / Жолуна Алмаң киргени, / Кайта келип Алмамбет, / Жараганы керекке, / Алдындагы Сарала, / Аса байлап терекке, / Башына мамык жастанып, / Жатып калды жай алып, / Муну мындай таштайлы, / Коңурбайдын сыйкырлуу, / Кароолунан баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Дагы эки күн алышты, / Аттарын аса байлашып, / Кемерден аткый кармашып, / Аркасына сүрүшүп, / Этектен бурдай түрүшүп, / Чымдуу жерди коо кылып, / Дөкдүр жерди ой кылып, / Көйкөлгөн шибер тулаңды, / Кашкайган чыйыр жол кылып, / Булкуп-силкип ыргытып, / Ыргыттырбай тырмышып, / Эки күн өттү бул жумуш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Анда жаткандарды атып, аса баштады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Атты сарайга аса байлап кой, – деп тапшырды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →