арышта

китептерде 15 жолу, 6 китепте
  1. Кадам шилтөө, арышты салып басуу, арымдоо.
  2. Кандайдыр бир иштин, кыймыл-аракеттин темпин күчөтүү, илгери карай жүрүү, өрүш алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…качырап, / Айнектей көзү чачырап, / Бүдөмүк тартып күдүңдөп, / Буулуккандай күжүлдөп, / Үндөрү күндөй күркүрөп, / Адамсыз талаа дүркүрөп, / Адырдакы айбанат, / Арыштап айак таштабай, / Тушагандай бүжүрөп, / Кызарып кыздан күн батып, / Агарып сүрүп таң атып, / Токсон күн калды аркада, / Айы үчкө барганда, / Жай-жайыңа кайткын,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ч мына ошо, / Армансыз болсоң калмак деп, / Карап турду Кененим, / Кылычын кындан тартканда, / Жылтылдады калмактын; / Алдында минген тулпары, / Жорголой басып арыштап, / Кылтылдады калмактын; / Күлкүсү чыгып кылыңдап, / Шылкылдады калмактын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Азиз хандын Алмамбет, / Эңиш тартып кеткени, / Караанын көрүп алыстан, / Элесин болжоп арыштап, / Ээленип алган эр Сыргак, / Атын санга салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бадалдан чыккан эликтей, / Барган сайын арыштап, / Көздү ирмеп ачканча, / Беш ат артта калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аккула менен далбайып, / Арыштап чуркап калчу эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →