арыш

китептерде 51 жолу, 7 китепте
  1. Басып же жүгүрүп бараткандагы шилтенген кадам, арым.
  2. Бирдеменин илгерилөө, өнүгүү-өсүү темпи, өсүш.
  3. сейр. Ар тарап, кеңдик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кездемдин боосун чубалтып, / Кескерип найза чунайтып, / Топчу кулак кер атты, / Аркадай арыш алдырып, / Алты катар аң келсе, / Алты аркан бойу жар келсе, / Кабаттап аттай чуратып, / Манастап уран чакырып, / Жеткен жерде Бактыбай, / Моңгулардын Калдаңды… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кишиге кылбай жылуу сөз, / Жалаңгыч атка конгонуң, / Бир арыш элге мен ханмын, / Эби келсе жөн койгун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кынабынан тартканда, / Кырк арышынча узарып, / Учу өрттөй кызарып, / Бирден шилтеп өткөндө, / Эки жүздөн башты алып, / Кетип барат черүүнү, / Чапкан чөптөй жуушатып, / Чактабай уруш салыптыр, / Ка… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
турганда, / Арбагы колдоп Манастын, / Оңуна кудай салганда, / Чычкан болуп чыртылдап, / Бара жаткан желмогуз, / Аркар болуп арбаңдап, / Адыр жакты бет алып, / Арышын керип дардаңдап, / Аркадан чаңы бурулгуп, / Топурак учуп уйулгуп, / Эңишке кире берерде, / Жейрен болду кубулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эртеси күнү болгондо, / Күн шашике болжолдо, / Кыздар менен Семетей, / Кырка чубап тургандай, / Ойго арыш алыптыр, / Ошондо карап тура албай, / Ойрон Гүлүс барыптыр, / Ээрчий жүрүп талыкпай, / Такыр кебин салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →