арым

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Басканда, жүгүргөндө алга карай шилтенген кадам, арыш.
  2. Бир нерсенин өнүгүү, илгерилөө темпи, алга карай умтулушу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошончо бардык күн батыш, / Эркин элге чуу салбай, / Эптүүрөөк киши баралык, / Куйалы менен Саламат, / Арымсарык арстанды, / Кошуп бирге алалык, / Колбутуп айдап кыргызды, / Коркконсуп кантип калалык? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алынча Агыш эр экен, / Анткени менен бул Агыш, / Арымы кыска неме экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Жазатайып Бейжинге, / Барып калсаң, Бакай хан, / Кабар кылгын” – дечү эле, / Казакка кабар салабыз, / Калың болуп алабыз, / Кангайга анан барабыз, / Анда Манас муну айтат: / — Ардактуу Бакай жан досум, / Арымың сенин кыскарып, / Арып калган белемсиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ойун күлкү сөз болсо, / Келтирет экен арымды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ак-Суунун аягындагы боз топурактуу мейкинге түшсөңүз ар кай жерде арымы жок амачтарын чокчоңдотуп кош ат менен жер айдап жүргөн элди көрөсүз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →