арылда
- Үндү катуу чыгарып бакылдоо, беттен алып орой сүйлөө.
- Катуу согуу (шамал, эпкин); шар агуу, күүлдөгөн катуу дабыш чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…зунан көбүк буртулдап, / Кабагын түйүп курчуңдап, / Жолборс болуп чамынып, / Кара кулак шер болуп, / Кара бойу керилип, / Кара суудай шарпылдап, / Каарын чачып арылдап, / Бууралар келет далпылдап, / Алдыңкы эрди шалпаңдап, / Тиши-тишке жанылып, / Таш чапкандай шакылдап, / Алп кара куш келатат, / Асман менен жык болуп, / Канат…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Далдаңдап Сынчы жөнөдү, / Хан кешпирин эл көрдү, / Арылдап элге жар салды, / Берди, деп, баатыр тилекти, / Сынчыбектин көп колу, / Эли менен аттанып, / Арбын мөрөй алгансып, / Адамдын баары шаттанып, / Ушундай болду, «Йа пир!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– Аңчылардын кууп келе жатканын, иттердин арылдаган үнүн угуп, сага алардын жер жарган дабышын билгиздим, – деп жооп берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →