арыл

китептерде 52 жолу, 8 китепте
  1. Тазаруу, кетүү.
  2. Кутулуу, жок кылуу, жок болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атайлап Көкөй кат жазып, / Таласка киши жиберген: / “Бир кызым бар меники, / Чигитей, болсун сеники, / Көөнүндө кири арылсын, / Арамдык күтпөй эрдики. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ар бир акыл ойлонуп, / Ар нерсе ичке жык толуп, / Арылбаган муң бул деп, / Айласы кетип Дабытай, / Баш айланып тел болуп, / Эшитер кулак кер болуп, / Эт жүрөгү чер болуп, / Качамын деп качалбай, / Чыгамын деп чыгалбай, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Коконду мурда албасак, / Кашкардан келчү чоң жолду, / Кан буугандай кылбасак, / Арка жагын арылтып, / Ташкенге анан жылбасак, / Ташкенге мурун барганда, / Каңгайдагы беш улук, / Кашкардан Калдай кошулуп, / Орто жерде эл калбай, / Баары кетет кырылып, / Каны суудай жошулуп”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мээнин кабы жарылган, / Жүрбөй каны уйуган, / Сүйлөбөй тили буулган, / Айабастан иштетип, / Канча түрдүү дарыдан, / Арылган араң ириңден, / Ириң жеп тамыр чириген, / Ушундай түрдүү себептен, / Тили кечир булдурап, / Так келе албай чулдурап, / Кулагын турган чер басып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ажырашып бөлүнүп, / Арылды элдин санаасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →