арык1

китептерде 57 жолу, 9 китепте арык 2 →арык 3 →
  1. Суу агызуу, эгинди же башка өсүмдүктөрдү сугаруу үчүн казылган алыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Арыктан сууң чыкпадык, / Сен кептенип коржоңдоп, / Жетибизде жакын деп, / Аттанып үйдөн чыкпадык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Саз чылпылдап суу чыгып, / Какырдар арык коо чыгып, / Эки күнү -эки түн, / Эрикпестен күрөштү, / Эгем өзү билбесе, / Эми кандай болушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Же аты арык, тон жыртык, / Аркасында калганбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Сур атты, / Алактатып баратат, / Жал-куйругун төгүлтүп, / Шалактатып баратат, / Ооздук тиштеп, көз жайнап, / Жалактанып баратат, / Топуракты чачыртып, / Жерди арыктай каздырды, / Тарактатып баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Шадыкан чепейген арыкчырай гана сары киши. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →