арыз

китептерде 71 жолу, 10 китепте
  1. Бирөөнүн туура эмес иштери, адилетсиздиги ж.б. жөнүндө айтып кайрылган дат, даттаныш.
  2. Мекеменин, уюмдун жетекчисине кандайдыр бир маселенин аткарылышын, чечилишин сурап кайрылган кат жүзүндөгү өтүнүч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жай келген кишиң мен элем, / Арыз айтып келе жатыптыр, / Жанымдакы Аккубак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Азыраак убак Торгойго, / Алты жылдан ашыптыр, / Айагы барып токтобой, / Ар санаага батыптыр, / Аңгычакты Медеркан, / Арыз айтмак болуп Каңгайга, / Аркасын карай тартыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чаптырган Кыргыз жаталбай, / Дарты ичине баталбай, / Же айкөл Манас баатырга, / Арызын жетип айта албай, / Жолду койду бекитип, / Жоопсуз киши басалбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мени менен курбалдаш, / Сыр жашырбай жүрчү эле, / Этегиңе эрмешип, / Кошулса Тапак биздерге, / Куткарбаска арыз айтып, / Тапан хан качат ал түндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Үпүп ар күнү арызданып келген канаттуулардын арыз-датын угуп, аларга калыс туруп, эч кимисине жаман айтпай, көңүлдөрүн калтырбайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →