арчында

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Жипти каршы-терши өткөрүп байлоо, таңуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чабуучу аттын баарысын, / Көкүлүн көккө шүйдүрүп, / Куйругун ача түйдүрүп, / Ат чабуучу балдардын, / Барын тегиз сийдирип, / Арчындап жолук байлатып, / Машыроо тонун кийдирип, / Ат чабууга салганы, / Аккулага бир бала, / Небак минип алганы, / Ат меники чаппайым, — деп, / Алмамбет алып калганы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…сынан кулады, / Анткени менен Коңурдун, / Аттан жерге жыгылбас, / Абалтан берки адаты - / Алты кабат темирден, / Ок өтпөс буулуң шымынын, / Аласынан өткөрүп, / Арчындап бекем тагынып, / Антип жүргөн санаты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алар жетип келгенче, / Арка болуп бергенче, / Текечи, Шыгай, Музбурчак, / Колдорун байлап чака-чак, / Арта салып качырга, / Бара жатса кангайлар, / Таңылчакча арчындап, / Артык тууган эр Сыргак, / Учурап калды ошол чак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ат чабуучу Жетилбай, / Арчындап бойу таңылуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кара сур өңү тарткандан, / Кагалес, эти каткандан, / Тегерек кара көздүүдөн, / Машыроо тонун кийгизип, / Арчындап жоолук байлатып, / Токсон тогуз уруу экен, / Ар уруудан бирден эр, / Гүлүстөндү баш кылып, / Жүз эрге атты айдатып, / Он күндүк жерге ат айдап, / Опсуз жаман к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →