аруу2

китептерде 40 жолу, 7 китепте аруу 1 →
  1. Талма оору, эс-учун жоготуп, талып жатып калуучу оору.
  2. диал. Көздүн ак чели.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бейжинге кайта барарда, / Аруукеге таштаган, / Күлчоро туулуп келгенче, / Арууке катып сактаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Деп өкүнүп бир далай, / Жол аруусун билгени, / Жолуна Алмаң киргени, / Кайта келип Алмамбет, / Жараганы керекке, / Алдындагы Сарала, / Аса байлап терекке, / Башына мамык жастанып, / Жатып калды жай алып, / Муну мындай таштайлы, / Коңурбайдын сыйкырлуу, / Кароолунан баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аруукеден угуп кеп, / Сүйүнүп кетип Алмамбет, / Сүйсөң бала бергин, деп, / Алтын кемер ботокур, / Кол башындай түйүнчөк, / Кошуп ага берген, деп, / Аруукеден туулбай, / Кытайдан алган соогага, / Эсен хан кызы бир Мыскал, / Ошондон эркек туулган, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ал жактын жолу аруудур, / Эзелде бизге калган жок, / Атышам — деп, — белин буур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Алдырып келдиң төөгө артып, / Алтын-күмүш аруусун, / Айдатып келдик колбутуп, / Айактуунун баарысын, / Тагына баатыр, тийбедик, / Ичине басып кирбедик, / Төтөгө менен кеңешип, / Кандай кылсаң андай кыл: / Теге… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →