аруу1
- Таза.
- Кымбат, баалуу, ыйык; кээде чыныгы деген мааниде.
- Сүйкүмдүү, келишимдүү, сулуу, жагымдуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бейжинге кайта барарда, / Аруукеге таштаган, / Күлчоро туулуп келгенче, / Арууке катып сактаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Деп өкүнүп бир далай, / Жол аруусун билгени, / Жолуна Алмаң киргени, / Кайта келип Алмамбет, / Жараганы керекке, / Алдындагы Сарала, / Аса байлап терекке, / Башына мамык жастанып, / Жатып калды жай алып, / Муну мындай таштайлы, / Коңурбайдын сыйкырлуу, / Кароолунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аруукеден угуп кеп, / Сүйүнүп кетип Алмамбет, / Сүйсөң бала бергин, деп, / Алтын кемер ботокур, / Кол башындай түйүнчөк, / Кошуп ага берген, деп, / Аруукеден туулбай, / Кытайдан алган соогага, / Эсен хан кызы бир Мыскал, / Ошондон эркек туулган, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ал жактын жолу аруудур, / Эзелде бизге калган жок, / Атышам — деп, — белин буур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Алдырып келдиң төөгө артып, / Алтын-күмүш аруусун, / Айдатып келдик колбутуп, / Айактуунун баарысын, / Тагына баатыр, тийбедик, / Ичине басып кирбедик, / Төтөгө менен кеңешип, / Кандай кылсаң андай кыл: / Теге…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →