артык
- Тиешелүү өлчөмдөн көп, ашып түшкөн (саны, көлөмү жагынан).
- Баасы жогору, мыкты, артыкчылыгы бар.
- Жакшы, керек деген маанилерде.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Нурпануну периден, / Бекбачанын алганы, / Пендеден алдым үч катын, / Биринен бала калбады, / Колумда бар Айбала, / Адамдан артык Акмаңдай, / Булбул тилдүү жез таңдай, / Алты жыл ноокас болупмун, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Кырылып кыргыз болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сүйлөсө сөзү бууланган, / Сүйкүмү артык бир улан, / Тигип койгон өргөөгө, / Алып келип кирээрде, / Алдында басты Көкөйүң, / Кызынын жайын билерге, / Башын салса эшиктен, / Байкуш кызы элейип, / Карап калган селейип, / Тартып койгон сүрөттөй, / Жаны жоктой делейип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элеп койбойт кененим, / Эчтемеден кайгы жок, / Элинде турган немедей, / Кудай артык жараткан, / Кененимди ченебей, / Арстан тууган каракөк, / Айласы журттан ашкан көп, / Талананын найзасын, / Балта менен какканы, / Балта тийген бул найза, / Асманды карай учканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Баатырдыгы башка, деп, / Бардык элден ашкан, деп, / Коң төрө, Жолой баш болуп, / Коркуп алар шашкан, деп, / Угулган артык кайраты, / Азыркы өсмүр жаштан деп, / Какырдын ташын казылтып, / Кумдардын көккө чачылтып, / Уландырып кармашты, / Былкылдатып саздарды, / Кезегинде Алмамбет, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акылы артык жаныбар, / Анча-мынча адамдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →