артуу
- Тоонун ашуусу, катары менен келген бир нече ашуулуу тоо.
- Аң-дөңдүү жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара мойнок артуудан, / Бекбача чыкты арстаны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сары жел артуу туу белде, / Салкын жерде жатайын, / Кол-бутум сунуп керилип, / Уйкунун даамын татайын, / Келишкен сонун жер экен, / Ыраатын мунун татайын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тогуз ай өтүп, күн жетип, / Төрөөр мезгил келиптир, / Басмайыл артуу дегенге, / Барып Шууту жетиптир, / Кош ат менен чабарман, / Каныкейге кетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Терс айлантып торултуп, / Капканын кырка артууга, / Сары коонун түзүнө, / Алып барып таштады, / Сейтек жетип аңгыча, / Серпишип уруш баштады, / Айкөл Манас баатырдын, / Айчыгы алтын кызыл туу, / Белгини сайып таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ойурма артуу бел ашкан, / Орусту барып бир чапкан, / Түгөнгүс олжо мал тапкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →