арткы
- Арт жактагы, соңундагы, алдыңкынын карама-каршысы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калдыктын тарткан жебеси, / Буурулдун тийди колуна, / Колу сынды Буурулдун, / Калдыктын аткан огунда, / Карап турган Жагалмай, / Арткы элдин тобунда, / Койгон бойдон жөнөдү, / Кардыгачты куткарып, / Ала кетиш ойунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сатайга Бетер арткы артат, / Алда канча сөздү айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бөлүнүп жөнөй бергенде, / Астыртан утур тийгиле, / Аралап өтүп тубастан, / Арткы колго киргиле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Ошого да болбой, өлөт алгыр бир кызыл уй чычаңдап, мөңкүп барып токтой калып, куйругун шыйпанып, тумшугу менен арткы бутун бир жыттап алып, туруп-туруп, топ-топ бөлүнүп, өкүрөңдөп алып, жүрүп бербеспи!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Мен тайгандар келе жатканда коркконумдан эч айламды табалбай сенин эки арткы бутуңа жашынып калдым - дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →