артка
- Арт жакка, артты көздөй.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ага киши чаптырып, / Арпанын түзү жайыкка, / Беш күндө тайар болсун деп, / Абдан мыктап айттырып, / Алматыда ак кубак, / Токсондон жашы арткан чак, / Баатыры бар Курмушу, / Буга киши жиберди, / Таласта бар Татыбек, / Башында бар касиет, / Колуң менен жүр деди, / Саны болсун миң деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…лет, — деп, / Тобурчак, чалыш, аргымак – / Жылкынын нечен түрү бар, / Айры өркөч туйук нар – / Төөдөн чыккан пили бар, / Куру эмес келген тартуу мал, / Үстүндө арткан жүгү бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Дабытай урган капталга, / Токтоп артка турабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…/ — Кыргыл баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, / Калган отуз ойулгур, / Уккун кебим, оңбогур, / Азык-түлүк чатырды, / Асырап кал аныңды, / Ок-дары менен тон арткан, / Оорактагы баарыңды, / Ажырашса азыктан, / Кетирип койот шайымды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кабат темир кийиптир, / Далыга калкан илиптир, / Аскерди артка салыптыр, / Аттанып жөнөп калыптыр, / Жайнап чыккан аскердин, / Аркасында Тазкара, / Ханым бизден сурадың, / Билгенибиз ушунча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →