арпа
- Кылкандуу дан өсүмдүгүнүн бир түрү.
- Ушул өсүмдүктүн даны.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ага киши чаптырып, / Арпанын түзү жайыкка, / Беш күндө тайар болсун деп, / Абдан мыктап айттырып, / Алматыда ак кубак, / Токсондон жашы арткан чак, / Баатыры бар Курмушу, / Буга киши жиберди, / Таласта бар Татыбек, / Башында бар касиет, / Колуң менен жүр деди, / Саны болсун миң деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арпа көмчүү немедей, / Ороо казып көрөсүң, / Жылкы кармап жаткансып, / Боолук салып багасың, / Баарысын кылды Кикимат, / Ойлоп көрчү, Чойун алп, / Кайда кеткен уйатың?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Канатым сынып бүктөлдүм, / Кара арпадай түктөлдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арпанын башы жайыктан, / Зуңконун зоосу туйуктан, / Музой Калча алыптыр, / Бүркүт тууган уйадан, / Ак ийин деген балапан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Арпадан берди түктөйтүп, / Күркүлдөк болуп калат, деп, / Чуркаганда күч келип, / Өпкөсүнө тап кетип, / Күрүчтөн берди жемимди, / Жетилтти антип демимди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →