арна

китептерде 100 жолу, 10 китепте
  1. Бирөөгө энчилөө, таандык кылуу, бир нерсеге багыштоо, жумшоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сакталып келген бул демге, / Нурфануга арналган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Какбаш Жакып, Канчоро, / Абыке, Көбөш – төртөөнү, / Эргиз оозго албайлы, / Кыйамат кайым болгунча, / Каргайлы, күндө каргайлы, / Аркачан каргыш арнайлы, / Арнайлы каргыш арнайлы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кайраты артык Кененим, / Бул дагы алды жакадан, / Жакалашып тартышып, / Тамандашып тебишип, / Этектен орой кармашып, / Барлык күчүн арнашып, / Ээр кашына орошуп, / Алалбай аттан түшүрүп, / Алаканга түкүрүп, / Жакаларын жыртышып, / Кемерлерин үзүшүп, / Ат үстүндө сүзүшүп, / Мурундун каны тамчылап, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Этегим жаап ката элек, / Серек, Сыргак жаш балдар, / Эшикке чыгып сийе элек, / Арнап миниш ат тургай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Жолчулардын кесиби болсо жолдун ташын терет, бузулган, суу жеген жерлерди, көпүрөлөрдү оңдойт; кыш болсо бирден чолокторун арнап, байлап коёт да, кезек менен Кызыл-Кыядан почто чыгарышат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →