арка1

китептерде 807 жолу, 10 китепте арка 2 →
  1. Дененин моюндан тартып куймулчакка чейинки омурткалардан турган бөлүгү.
  2. Бет алып турган тарапка карама-каршы жак, арт жак.
  3. өт. Таяныч, жөлөк, коргооч, жардам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манжа башка, билек бир, / Ушак айтпа аркадан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Какбаш Жакып, Канчоро, / Абыке, Көбөш – төртөөнү, / Эргиз оозго албайлы, / Кыйамат кайым болгунча, / Каргайлы, күндө каргайлы, / Аркачан каргыш арнайлы, / Арнайлы каргыш арнайлы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ “Ат оттосо жай алган, / Аркардын оту бөксөнүн, / Ат чалдырып чөптөрү, / Аркасын эч бир көрбөдүм, / Айдаркан уулу Көкчөнүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жортуулчу келген экен деп, / Ашыгып калдым мен жаман, / Аңгычакты болбоду, / Төөлөрдү чиркеп колбутуп, / Көчү чыкты аркадан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Чыныбек эртең менен эликке барып чынар теректин түбүндө жаткан жеринен, арканын үч тегеретип ыргытып, атына минип, көрүнбөй кете берди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →