аркай

китептерде 46 жолу, 9 китепте
  1. Арсак-терсек болуп сороюп чыгып калуу.
  2. Абдан арык болгондуктан сөөктөрү уркуюп, каржайып чыгып турган абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айкын талаа жери кең, / Ак муздан таажы кийинген, / Атагы чыгып дүйнөгө, / Ашкере дайын билинген, / Аркайган Алатоо калды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Муруттарын сербейтип, / Эр өлүгү ар тоодой, / Азууларын аркайтып, / Ат өлүгү бир тоодой, / Жарадан каны шыркырап, / Жан талашып буркурап, / Өөдө бол деп жөлөсө, / Көз ачалбай шылкылдап, / Антип жаткан андан көп, / Күндү түнг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ңдотуп төө минген, / Төө минбесе жөө жүргөн, / Терекбай жүргөн жагынан, / Жалындаган от күйгөн, / Алдыңкы ээги шалпайган, / Жонунда өркөч каркайган, / Азуулары аркайган, / Мингени төөнүн чоңу экен, / Төрт айагы тартайган, / Чарадай бар таманы, / Баскан изи талпайган, / Тарбалаңдап жүгүрсө, / Аркасында чаң калган, / Чокмору бар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аркайган нечен тоо калды, / Айнектей нечен түз калды, / Аккан адыр суу калды, / Кайкалаган бел калды, / Караңгы токой чер калды, / Адыр-адыр жер калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Азууларын аркайтып, / Аргымак жатат ар кайда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →