арзы

китептерде 40 жолу, 8 китепте
  1. Татуу, татыктуу болуу, тең келүү.
  2. Канааттануу, ыраазы болуу, алымсынуу.
  3. Дегдөө, самоо, эңсөө.
  4. Жакшы көрүп эңсөө, жактыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айтаар арзым түгөндү, / Менден уксаң ушул кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Шоорук деген хан, — деди, / Хан Каракөз өтүптүр, / Илгерки өткөн убакта, / Азыркы Шоорук ханыбыз, / Хан Каракөз калдыгы, / Ээ боло албай элине, / Бир бөлүмгө арзыбай, / Мунун ичинде бардай ардыгы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чуркурап ыйлап жабыла, / Чогулушту сай-сайга, / Бут артарга малы жок, / Арзын айтып Таласка, / Кененимге барганга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Каңгайдан келген калмакты, / Кайт десеңер болбойбу, / Арзың болсо ичиңде, / Айт десеңер болбойбу! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кулак салып угуп тур, / Өзүңө кылган арзымды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →