арзан

китептерде 76 жолу, 7 китепте
  1. Кымбат эмес, сатыла турган наркы төмөн.
  2. Оңой, жеңил, кыйынчылыгы жок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атагың кыргыз, ак калпак, / Каныкей берген касиет, / Арзан эмес ат калмак, / Ай-ааламга таанылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Токочтун саны жүз сексен, / Тойбоймун арзан мен жексен, / Ооз оту болор жерим жок, / Жүз сексенди мен жесем, / Атан төө сойгун, уй сойгун, / Ага кошуп кой сойгун, / Чочко сойгун, ит сойгун, / Алты күнгө дайарда, / Арактан алты көөкөрдү, / Азыр ичем экөөнү, / Тамакка кошуп төртөөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…, / Айлаңар жетип, ал келсе, / Тез болуп калса силерге, / Чубак, Сыргак дегенин, / Жана Сарала атчан бирөө бар, / Элдин турат четинде, / Байкашымча караанын, / Арзан киши дебеймин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…п урушам, / Кылычты кындан суурушам, / Кызык уруш мен кылам, / Балталашып чабышып, / Коондой карын жарышам, / Койдой башты кесишем, / Ээринден көзөп тешишем, / Арзан киши ойлойсуң, / Сейити бала, мени сен! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жетимдик баскан шилисин, / Айкөлдүн мууну Сейитек, / Сүрөтүн көрүп өзү эмес, / Келиши мында кыз издеп, / Ойлочу, арзан иш эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →