ардан

китептерде 119 жолу, 8 китепте
  1. Намыстануу, уялуу, арына келүү.
  2. Ызалануу, ыза болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…рыкта суудай шар агып, / Жандап өттү Чакмакташ, / Жана санга бир сайып, / Тоодой болгон Сазандан, / Эки сандан кан агып, / Ачуусу келди Сазандын, / Сайдырганга арданып, / Колун сунуп арбайтып, / Далыдан аткый кармады, / Өзү тургай Чакмакташ, / Аты менен биригип, / Уучуна толбой калганы, / Чоркок Сазан маминтип, / Аты менен ээ… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Олтуруп Отор ойлонуп, / Ушалап колун карманып, / Мурунку өткөн күндөргө, / Ого бетер арданып, / Капкайда барып Медеркан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ып, / Баштакыдан беш бетер, / Огобетер каарданып, / Жылан менен чайандай, / Уусун чачып заарданып, / Алам деген Чойун алп, / Таамай найза сайалбай, / Өлүүчүдөй арданып, / Буурадай тиши качырап, / Көзүнөн жалын чачырап, / Оозунан көбүк чачылат, / Жана кирди түгөнгүр, / Минген атын камчылап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арданган Күдүк алайып, / Ачуусу келип карайып, / Энтиге түшүп дем алсаң, / Текечердей танайып, / Энтелей басып алыптыр, / Жоолугун алып колуна, / Терин аарчый салыптыр, / Таң кашкайган маалда, / Алмамбетке барыптыр, / Күдүктү көрүп Алакең, / Айран азыр калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муну көрүп Кара дөө, / Катуу арданып кайран дөө, / Заарын салып жыландай, / Бөйөн менен чайандай, / Аманат жанды айабай, / Кызыл жанды Кара дөө, / Кылга байлап таштады, / Кыйын уруш баштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →