аргыт
- сүйл. Атты атырылтып катуу чабуу, катуу жүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Турпандан барган Турумбек, / “Таабалдыны өлтүрсө, / Бизге болду кыйын” — деп, / Жээрде ат менен аргытып, / Артынан чаңын баргытып, / Эки балбан бет келди, / Зоңтары менен Турумбек, / Салышып кирди дүпүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Кең кула менен аргытып, / Артынан чаңды баргытып, / Асман көктү каратып, / Атырылтып каргытып, / Аркасында чаң калып, / Көк түбүк найза карманып, / Өңү сары, көзү көк, / Бузулуп жама…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
— деп / Ачууланып калыптыр, / Ашыгып жөнөп алыптыр, / Он алты күндүк арага, / Бетегелүү Койташка, / Белге чыгып карарга, / Барды белем заматта, / Аккуланы аргытып, / Артынан чаңын баргытып, / Айкөлдүн келе жатканын, / Көзкаман менен Көкчөкөз, / Дүрбү салып көрүптүр, / Айланы издеп табууга, / Атайы көңүл бөлүптүр, / Кемпи…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп, Күрөңдү аргытып, / Артынан чаңды баргытып, / Эңиш тартып эрениң, / Эликтей колун сайылтып, / Ат куйругун жайылтып, / Тосо чыгып жолборсуң: / — Ким болосуң өзүңөр, / Барасың кайда, жол болсун?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Суркойонду аргытып, / Наманген менен Коконго, / Барайын — деп, — толгонду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →