аргын
- Тукуму, сорту ж.б. ар түрдүү болгон организмдин кошулушу (аргындашуусу) аркылуу пайда болгон жаныбар же өсүмдүк.
- Бир түрдүү эмес, ар түрдүү улуттан же элден кошулуп пайда болгон.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Урумдакы кыргыздар, / Астубалдын адырда, / Аргын, алчын кыргыздар, / Таланга малың кетпесин, / Маңгыт менен уусунга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аргындан чыккан алты уул, / Бири нойгут бири бул, / Ногой, алчын, алжан деп, / Удаа туулган үч уул.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Душманга барса аттанып, / Сен экөөңдү бел кылды, / Жети хан аргын ногойго, / Сен экөөңдү хан кылды, / Душманыңды кем кылды, / Тууганыңа бел кылды, / Семетей сага, Канчоро, / Кай жеринен тайгылды?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кайраты артык кабылан, / Бастырмак болду абдан, / Кам кечесин бүтүрүп, / Аттарынын баарысын, / Куйундай кылып түйүлтүп, / Алты сан аргын көп алач, / Булардан чыкты бөлүнүп, / Сурнай үнү бек чыгып, / Добулбасын карс уруп, / Доолбасын карс уруп, / Ак асаба кызыл туу, / Айгайлаган ызы-чуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Коркутуп алдык дегенсип, / Айтканындай кылбайлы, / Унчукпай алып баралы, / Алтын, күмүш, мал-пулун, / Такыр алып калалы, / Жат-жаттыгын кылбайбы, / Алып барып калмакты, / Ак калпак кыргыз казактын, / Арасына жыйбайлы, / Алтымыш уруу алашты, / Аргын кылып тынбайлы, / Өз элиңе кеткин, деп, / Кетирип ийип тыналы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →