арбап
- Башчы, башкаруучу, кожоюн.
- Мансаптуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Кыргыздын эли канча – деп, / Жыйырмага жашы чыга элек, / Жигит дедиң Асылды, / Мен боломун анча”, деп, / Кыйкырыгы бар эле, / Калдалаң жашы ал кезде, / Отуздан ашкан чагы эле, / Калдык менен тең жүргөн, / Каары мунун бар эле, / Атышып калган душманды, / Арбап көктөн түшүргөн, / Заары мунун бар эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көктөн арбап түшүргөн, / Чынгожо менен Толтойду, / Катар ишин бүтүргөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кайратың артык жан болсоң, / Калк башкарган хан болсоң, / Көктөн арбап түшүргөн, / Ажыдаардай мар болсоң, / Сейитини сен сойсоң, / Түбөлүк күңүң мен болсом.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Амал кылып турушту, / Алты күндөй урушту, / Көктөн арбап түшүрдү, / Душмандын ишин бүтүрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Сени аюу-жылан арбап өлтүрүп койгон турбайбы, – деп абышка түшүндүрүп, алтынды алып кемпири менен кетип калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →