арбай
- Тарбагай, арбагай тарткан көрүнүштө болуу, арыктап, ичкерип калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Жандап өттү Чакмакташ, / Жана санга бир сайып, / Тоодой болгон Сазандан, / Эки сандан кан агып, / Ачуусу келди Сазандын, / Сайдырганга арданып, / Колун сунуп арбайтып, / Далыдан аткый кармады, / Өзү тургай Чакмакташ, / Аты менен биригип, / Уучуна толбой калганы, / Чоркок Сазан маминтип, / Аты менен ээсине, / Жалгыз эмес экен…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чокмор кетти каңкылдап, / Жер-сууну бузуп даңкылдап, / Ашыккандан Талана, / Арбайтып колун сунганы, / Каракөк тууган Кененди, / Жакасынан алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
– деп, / Ачуусу келип арбайып, / Бузулуп өңү сурданып, / Өйдө болор дарман жок, / Жатыптыр Алмаң сулайып, / Көргөндө Алмаң Бакайды, / Айтканы бул муңайып: / Айланайын абаке, / Кулжаны атып кулаттым, / Качырбай аны сулаттым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ачуусу келип арбайып, / Ант ичкендей саргарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Арбайтып чеңгел салганы, / Кемеринен кармады, / Кармаган менен Сомбилек, / Оодара тарта албады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →