арачы

китептерде 31 жолу, 6 китепте
  1. Эки тараптын ортосуна түшүп элдештирүү, бири-бирине жакындаштыруу, кошуу милдетин аткаруу.
  2. Арага түшкөн киши.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жедигер эли дегенде, / Оштоно сүйлөп Бактыбай, / Өтө болуп көөнү жай: / — Ким да болсоң, арачым, / Каракөзгө айтып бар, / Куру кетпей угуп кет, / Менин атым Бактыбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эми келип туруптур, / Качты кулум уккун, деп, / Буйрук кылдың, Кубатай, / Шоорук ханды туткун, деп, / Чабышып жүрсөк экөөбүз, / Чигитей болду арачы, / Кишиде сырттан неме экен, / Ал Манастын баласы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…тчу эле, / Ой тоосунда биздин мал, / Маңгыттардын Бадыкөл, / Баардык элге таанымал, / Ушул маңгыт оолугуп, / Айдатып бизден жылкы алган, / Аркасынан жылкынын / Арачы болуп мен барсам, / Айтпаган кеби калбаган: / — Бош кыламын жериң, — дейт / Бошотомун белиң, — дейт, / Түгөнбөгөн кебим бар, / Түрк уулунда менин, дейт / Ара ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп арачы кишини, / Айабай сабап уруптур, / Оозундагы тиштерин, / Ат тиш менен жулуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күбөөчү нечени, / Арачы болду чечени, / Нике кыйып баш байлап, / Эрди катын болуучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →