арап

китептерде 11 жолу, 4 китепте
  1. Араб эли, араб адамы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Булар араб эли эле, / Урушка мыкты деди эле, / Көп жылдар бери жай жаткан, / Жүрөгү жалкып, кайтпаган, / Баштап алып аларды, / Таласына барбасам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Андан калса түрк уулу, / Инди, жөөт, арабдан, / Андан киши келбептир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айчүрөк кетти алыска, / Капкайда жаткан Арапка, / Көбүнчөсү Багдадга, / Уул-кызды сатуучу, / Базары бар аларда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Имерилип тура албайм, / Эми көңүл бура албайм, / Аллам ачса ак жолду, / Барар жерим болжолду, / Жеткирсе кудай талапка, / Аралап кирип кетейин, / Алты бөлмө арапка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жапандын тилин жай билет, / Араптын тилин ал билет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →