арам2

китептерде 198 жолу, 10 китепте арам 1 →
  1. сейр. Көңүл жыргалы, ыракат.
  2. өт. Жакын көргөндүгүн билдирүүдө, көбүнчө балдарга карата эркелетип айтууда колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кармаганча Чакмакташ / Найзаны тартып алганы, / Капыр Калдык калдастап, / Балтасын алды алдастап, / Арам заада чоң маңгыт, / Качып калды калдактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…Койдой кесип баштарын, / Коондой кардын жарайын, / Манастан калган коргонун, / Койбой такыр чагайын, / Талкалайын күмбөзүн, / Күйгүзөйүн ичтерин, / Деп ойлонуп арамкор, / Тополоң түшкөн тоз жакта, / Жердин бети көрүнбөс, / Топурак учкан боз чакта, / Камчы басып жөнөдү, / Бул бадырек тору атка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арамга көңүл мен бурсам, / Анты достук урбайбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Болжоп жүрдүм Таласта, / Айдай жеңем Айчүрөк, / Сени үч жыл көтөрдү, / Арамкор Кыйаз шек санап, / Электен далай өткөрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →