арак
- Ичиле турган спирт менен суунун аралашмасынан турган, мас кылуучу ичимдик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күн чагылган немедей, / Нурданып бети жалтылдап, / Арак ичип мас болбой, / Токтоно албай калтылдап, / Таштаган шердин жаа огун, / Колуна алды ыгын таап, / Өтүп кетти ааламдан, / Как жүрөккө бир муштап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Токочтун саны жүз сексен, / Тойбоймун арзан мен жексен, / Ооз оту болор жерим жок, / Жүз сексенди мен жесем, / Атан төө сойгун, уй сойгун, / Ага кошуп кой сойгун, / Чочко сойгун, ит сойгун, / Алты күнгө дайарда, / Арактан алты көөкөрдү, / Азыр ичем экөөнү, / Тамакка кошуп төртөөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Дешип баары сүйүнүп, / Жүгүрүп үйгө киришип, / Сасык айран, көк иркит, / Бирден жутуп ийишип, / Көөкөрлөрүн карашып, / Арак ичип суусунга, / Жогу бардан сурашып, / Баарысы айтып Манасты, / Бабырашып чуулашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты Карадөө, / Эшиктен кирди алдастап, / Өпкөңдү бас, олтур, деп, / Кымыздан тарткан арактан, / Айчүрөк куйуп карматат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Майрамдарда жыйналып арак ичип, бийлеп үйдү төбөсүнө көтөрүп, жабыла ырдап жыргап жатканда, мен көчөдөн кетип баратып терезесинен көрүүчү үйлөр кайда!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →