араба

китептерде 52 жолу, 5 китепте
  1. Ат, өгүз ж.б. унаа күчтөрүн чегип жүк ташууга арналган эки же төрт дөңгөлөктүү транспорт каражаты.
  2. Майда жүк ташуу үчүн же балдарды салып сүйрөш үчүн колдонулуучу, кичинекей дөңгөлөктүү үй буюму.
  3. Автомобиль, машина.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үпчүңдөп үстүн жаптырган, / Арабасын карасаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Такта олтурган Айтумуш, / Жесекчиден кеп угуп, / Кыргыз келди деп угуп, / Семетей деген эрди угуп, / Токтоно албай удургуп, / Ат араба коштуруп, / Артынан чаңын тоздуруп, / Барып жетти Чынгышка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
барын кыйратып, / Жоонун кесип сулатып, / Кемтигине куратып, / Кыскасына улатып, / Төрт кыр кылып кынатып, / Башын ташка мадатып, / Темир менен кадатып, / Кош араба өткөндөй, / Эт бышымдын ичинде, / Көпүрөнү бүтүрүп, / Кайра келди чубашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Биз дарбазадан алактап кирип барсак, короодо бирөө соконун дөңгөлөгүн чыгарып алып араба жасап жатыптыр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала ушул баканын бутун сындырып кеткен дал ушул араба го деп ойлоду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →