аптык

китептерде 39 жолу, 8 китепте
  1. Сүйлөөрдө же тамактанаарда шашыла энтигүү, эркин дем ала албаган абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…гер, / Как боорунан тилинип, / Жалгызектин Бактыбай, / Баатырлыгы билинип, / Жедигердин Каракөз, / Бактыбайга кездешип, / Батынып найза сала албай, / Айбатынан аптыгып, / Бута атым жакын бара албай, / Байкап көрсө кошуунун, / Туу кармаган зорунан, / Миң кишинин чоңунан, / Алты киши жок турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…аңдап, / Аттарынан куланып, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…мамбеттин айтканын, / Унутпастан жат кылып, / Керней менен сурнайдан, / Калың элге айттырып, / Кернейдин үнү чыкканда, / Аттангыла деди, деп, / Чамданып калган аптыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жыландын коркуп сүрүнөн, / Качып калды аптыгып, / Аңгычакты Куткарбас, / Жолгошуп калды чакчыйып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аптыгып жүрөк туралбай, / Керимбай айтты момундай: / “Жерге киши жаралып, / Жер бетине таралып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →