апа
- Баланын тууган энеси.
- Жалпы эле энесиндей болгон аялдарга кайрылганда айтылуучу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бизден уксаң ушул кеп, / Чынгыштын кызы Чыныке, / Тогуздан жашы өтө элек, / Сулуу чыкты пендеден, / Чыныке сулуу чыккалы, / Апаат келди бул элге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ыйлай берсем бул жерде, / Эс-акылым кетер деп, / Кой дээрге киши жок, / Ыйлаганым бекер деп, / Ойума түшүп ушул кеп, / Буйрук ушул шүк дедим, / Алдымдагы тулпарга, / Апамдын сөөгүн жүктөдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бул кара жүз шумурай, / Жедигер кыргыз элинен, / Туудуруп баккан атасын, / Тууп чоңойткон апасын, / Тартынбай жеген этинен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Төгөрөктүн төрт бурчун, / Баарын койбой кыдырган, / Гүлчородой кулуң бар, / Асмандап учкан канаттуу, / Айчүрөктөй апам бар, / Албай кантип каламын, / Оорактуу Кыйаз атам бар, / Тоотору минем токунуп, / Отуз күндө барамын, / Угуп жүргөн Урумга, / Эрикпей жүрүп олтуруп, / Атадан калат балага, / Аркасында мал-мүлүк.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Балдар кыздардын койнундагы бугунун терисин көрүшүп, "апам бул кыздарды бизге жиберсе керек" деп кыздарга жакындашса, алар болгон окуяны толугу менен айтып беришет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →