ана2

китептерде 49 жолу, 10 китепте ана 1 →
  1. Тигине.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ана-мына дедирбей, / Ачып көздү жумгунча, / Байлап келгин сен эле, / Мурун өлгөн баатырлар, / Сага качан те эле? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Темири учуп асманга, / Күн чагылып жалтылдап, / Кимибизге түшөт, деп, / Башына калкан жамынып, / Аскердин баары калтылдап, / Аңгычакты болбоду, / Талананын башына, / Чапкан балта чакылдап, / Айта- буйта кылгынча, / Ана- мына дегинче, / Ачып көздү жумганча, / Андас тууган Кененим, / Алтымыш койуп өттү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ана-мына дегенче, / Ачып көздү жумганча, / Эти ачышып жан ачып, / Нескарадай чоң дөөнү, / Чалкасынан таштады, / Кыйган терек баштанып, / Нескаранын жатканы, / Кайра бас… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Олуйа Бакай хан келди, / Каныкей энем ал келди, / Алтымыш балбан дегенди, / Жолборс бала Сейитек, / Ана-мына дегиче, / А дүйнөгө жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Түпкө такыр жетер — деп, / Боло албай шайы турганда, / Алгара минген Коңурбай, / Атынын башын бурганча, / Арстандын баласы, / Карап көрсөң ушунда, / Ана-мына дегиче, / Ачып көздү жумгуча, / Аркасынан чуратып, / Отуз беш койуп өткөнү, / Өтпөгөндө неткени? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →