анар

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Ачык кызыл гүлү бар, түштүктө өсүүчү мөмөлүү бадал-дарак өсүмдүгү.
  2. Ушул бадалдарактын мөмөсү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жер бетинен өнгөн чөп, / Мөмөлүү жыгач баарысы, / Жайнап жатат канчалап, / Анар менен дарбызы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…енен куйругун, / Майлуу боор кылып кесиптир, / Күмүштөн соккон бешилик, / Алып келип бердирип, / Коону менен дарбызын, / Торгоч, шабдоол, анжирин, / Алма менен анарын, / Алмурт, нашпут - аларын, / Бийе менен жүзүмүн, / Жангак менен пистесин, / Алтын сары жийдесин, / Түктүү курттай үжмөсүн - / Баарын койду Токто абаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Аргасы кетип көзү карайлап, баягы сакасын калчап, бактын оң тарабындагыга барып, анжыр, ашпурт, анар, жүзүм терип алды дагы, бирден мышыкка зордоп жедирди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →