амал
- Иштелиши, аткарылышы татаал, чиелүү нерсенин жөнүн табуунун айласы, ыкмасы, арга, чара, ар кандай айла, иле.
- Бийлик. мансап, кызмат, чин.
- мат. Математикалык эсептөөнүн негизги түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ак киши болуп кыргызга, / Бекбачаны баш кылып, / Баш көтөргөн кыргызга, / Бир амалды кылмакчы, / Эбин тапса эңкейтип, / Баарынын жайын тапмакчы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Оро казсаң тайыз каз, / Өзүң түшсөң чыгарга” / Оро казып Кененге, / Өзүм түштүм түбүндө, / Амалым кетип куурулуп, / Сарсанаа болдум бул күндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
күрөөкө, / Күн чагылып жалтылдап, / Токтоно албай кара жер, / Каарданып сурданып, / Карагай найза колго алып: / — Адамсынган бурутту, / Астын-үстүн салайын, / Амалын такыр түгөтүп, / Айдап келе калайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Таласка кбар кылайын, / Айчүрөк, Гүлүс угаар, — деп, / Амалын мунун кылар, — деп, / Каныкей, Бакай угаар, — деп, / Кандайда болсо түйүнүн, / Карылар чечип чыгаар, — деп, / Шер Сейтек келер, — деп, / Баласын көрсө абакем, / Кетпей калар бекем?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Ээ, түлкү дос, өзүмдү-өзүм тиштегендей этим ооруп чыдай албадым, сен кандай амал менен жеп жатасын?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →